Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:33

"Небереңер кыргызча билбейт". Тил мыйзамы жараткан талкуу


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш каникулга кетердин алдында “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” талаш жараткан мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Ага президент кол койсо Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, депутаттар, соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр ченемдик актыларда аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билиши керек болот.

Мыйзамда кыргыз тилине байланыштуу мындан башка да нормалар кирди. Документти биринчи окууда кароо кызуу талаш-тартыштарды жараткан.

Шашылыш кабыл алынган пакет

Бир ай мурда биринчи окууда концепциясы жактырылган “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” мыйзам долбоору 24-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде дароо экинчи-үчүнчү окууга чогуу киргизилип, кабыл алынды. Натыйжада 25-июнда жалпы палатада да эки окууда бир кабыл алуу сунушталды.

Документтин соңку версиясы жөнүндө аталган комитеттин төрайымы, депутат Чолпон Султанбекова баяндама жасады:

Чолпон Султанбекова
Чолпон Султанбекова

“Мыйзам долбоору боюнча депутат Бекешевден үч түзөтүү сунушу келип түшкөн. Анын ичинен экөө четке кагылды, бирөө кабыл алынды. Депутат Атамбаевден эки түзөтүү келип түшсө, бирөө кабыл алынып, бирөө четке кагылды. Депутат Түлөбаевден алты түзөтүү сунушу келип түшкөн, анын баары кабыл алынды. Депутат Кожокуловадан конституциялык мыйзамды толугу менен четке кагуу сунушу келип түшүп, четке кагылды. Урматтуу депутаттар, мыйзамды жактыруу менен аны бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алууну сунуштап жатабыз”.

Мындан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу биринчи окууда көп талкуу болгонун, кийинки окууларда комитеттер ичинде кызуу талаш-тартыш жүргөнүн айтып, дароо добушка койду. Катталган 74 депутаттан 64ү макул, бирөө каршы чыкты. Натыйжада документ үч окууда кабыл алынды.

Депутаттар ошондон кийин гана сөзгө чыгышты. Депутат Элдар Абакиров мектеп бүтүрүүчүлөрдөн тестинин жыйынтыгынын фонунда бул мыйзамдын актуалдуулугу өскөнүн белгиледи:

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

“Кыргыз тил мыйзамын колдодук, аны колдошубуз керек. Мен башка маселени айткым келип турат. Кечээ жакында Жалпы республикалык тест бүттү. Анда 54 бала “Алтын сертификат” алса, анын 53ү орус тилинде, бирөө гана кыргыз тилинде тапшырыптыр. Биз бул маселени бир жыл мурда изилдегенибизде көргөнбүз, бир тапшырма кыргыз тилде 230 сөздөн турса, орус тилинде болгону 170 сөздөн турат экен. Башкача айтканда биз эки спортсменди стартка коюп, бирин 230 метрге, бирин 170 метрге чуркаттык да, медалдарды бирдей берип жатабыз. Албетте, 170 метр чуркаган өтүп кетет. Ошондуктан биз аларды өзүнчө карагыла деп сунуш бергенбиз. […] Эгер андай кылбаса анда Жалпы республикалык тестке жооп берген кишилер иштен алынышы керек”.

Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул сунушту колдоого алып, Жалпы республикалык тестти кийинки жылы өткөрүүдө кыргыз тилине басым жасалышы керектигин эскерте кетти. Ал бала-чаканын баарынын тили орусча чыгып жатканын айтып, парламент кабыл алган мыйзам мына ушул көйгөйдү жоюуну көздөй турганын кошумчалады:

Нурланбек Тургунбек уулу
Нурланбек Тургунбек уулу

“Тилекке каршы, бүт мектеп окуучулары, бала бакчанын баары орусча сүйлөп жатат. Ошонун баарын кыргызча сүйлөткөнгө эмне үчүн аракет кылбайсыңар? Ата-энелерге да ушундай эле талап болуш керек. Ушул жерде отургандардын да балдары, неберелери кыргызча билбейт. Уялбайлыбы, ошону кыргызча сүйлөтпөйлүбү?! […] Иманалы Айдарбеков, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбековдор кыргыздын орусча сүйлөп, кыргыз тилин жерип жатканыбызды көрсө, наалат айтмак. Ошол аталарыбыздын эмгеги күйүп кетүүдө. Эгер биз кыргыз тилинде сүйлөбөй, башка тилде сүйлөй берсек, жакынкы жылдары биз улут болбой калабыз, урматтуу депутаттар! Балдарыбызды кыргызча сүйлөтүп, өзүбүз да кыргызча сүйлөшөлү! Өзүбүздөн баштайлы!”.

Мунун артынан депутат Эмил Токтошев мыйзам жөнүндө демилгечилерге суроо узатты. Бирок парламент төрагасы документ кабыл алынганын, процедуралык трибунадан айтылган соболдорго жооп болбой турганын айтты.

Депутаттар андан ары башка маселеге өтүп кетишти. Бир күндөн кийин – 26-июнда Жогорку Кеңеш ишин жыйынтыктап, каникулга тарады.

Талаш жараткан талаптар

Демек, жогоруда белгилегенибиздей, “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” мыйзам долбоору эки документ. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия иштеп чыккан долбоор 2024-жылы май-июнь айларында коомдук талкууда туруп, 2025-жылдын 31-мартында Жогорку Кеңешке киргизилген.

Долбоордо географиялык аталыштарды жалаң мамлекеттик тилде коюу жана жарнамаларды мамлекеттик тилде таратуу талабы киргизилүүдө. Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксат сурагандарга мамлекеттик тилди сөзсүз билсе гана документ берүү, насыяларды берүүдө келишимдерди мамлекеттик тилде түзүү, телекөрсөтүүдө жана радиоуктурууда кыргызча материалдардын көлөмүн 60%дан кем кылбоо талаптары да бар.

Кыргыз тили бала бакчаларда, мектептерде жана жогорку окуу жайларда, кошумча кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналып, класстан класска көчүүдө жана билим берүү мекемелерин аяктоодо кыргыз тилинде экзамен тапшыруу милдеттүү болуп калат.

Ушул эле документтерде Министрлер кабинетинин төрагасына жана мүчөлөрүнө, аткаруу бийлигинин башка орган жетекчилерине, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине, Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун кызматкерлерине, прокурорлорго, тергөөчүлөргө, Улуттук банктын, мамлекеттик нотариустардын кызматкерлерине ишке кирүүдө жана талапкерлигин көрсөтүүдө ченемдик актыларда аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билүү талабы коюлат.

Сунуштардаталаптарды аткарбаган жеке тараптарга 5 миң сом, юридикалык тараптарга 17 миң сомго чейин айып пул салуу да каралган.

Албетте, жогоркуда биз санаган баары долбоордун алгачкы версияларында көрсөтүлгөн талаптар. Түзөтүү сунуштарынан кийин мындагы айрым жагдайлар өзгөрүшү мүмкүн, бирок биз санаган талаптардын дээрлик көпчүлүгү кабыл алынган версияда калды.

21-майда мыйзамды биринчи окууда кароодо депутаттардын бир тобу кызуу колдосо, бир тобу кескин каршы чыккан. Колдогондор бул учурдагы эң актуалдуу мыйзам экенин айтышса, каршы чыккандар андагы талаптар азыркы шартта оор болуп каларын белгилешкен. Анын ичинде Бакыт Сыдыков, Балбак Түлөбаев, Гуля Кожокулова, Эрулан Көкүлов жана башка депутаттар долбоорду сынга алышкан.

Комитетте экинчи-үчүнчү окуу маалында депутат Балбак Түлөбаев анын айрым сунуштары эске алынганын, ошол себептүү ойлорун өзгөртүп, жалпысынан колдой турганын айтты. Ал ошол эле маалда документте кээ бир тобокелдиктер бар экенин белгиледи:

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

“Өткөн жыйында убакыттын тардыгынан мен пикиримди кенен айта албай калгам. Балким ошол себептүү да мени көпчүлүк түшүнбөй, сындашты. Мен оюмду жакшы түшүндүрө албай калсам, жалпы элден кечирим сурайм. Негизи биз кыргыз тили боюнча мыйзамды кабыл алып бергенбиз. Жаңы келген өзгөртүүлөргө мен эмнеге каршы чыктым? Себеби, Жогорку Кеңештин депутаттарын эске албаганда да аппарат кызматкерлери, прокурорлор, тергөөчүлөр, аткаруу бийлигиндеги жетекчилер, соттор, адвокат, нотариустар Министрлер кабинетинин чечимдерин түшүнгөн деңгээлде билиш керек болчу. Бул С1 деген деңгээл. Андан баары өтө албайт. 50%дан көбү бул деңгээлге жетпейт. Кыргызча ыр жазып, кыргыз тилин ташып жүргөн киши катары мен тесттен араң өткөм С1 деңгээлинен. Ошондуктан мамлекеттик органдарда бул жагынан хаос жаралышы мүмкүн болчу. Бул биринчиден. Экинчиден, мектептерде балдар кыргыз тилин билбесе жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул деп жатабыз. Орус тилиндеги билим берүү тармагында 700 миңдей бала окуйт, анда ата-энелер кантет? Анда да класстан көчпөй калса, балдар кийинки класста отуруп окуса муну Билим берүү системасы көтөрө алабы? Көтөрө албайт. Ушуну айтса бизди “мандатын алгыла, жок кылгыла” деп чыгышты. Кыргыз тилин өнүктүрүшүбүз керек, бирок өлкөбүздөгү ар кайсы улуттардын да шарттарын карашыбыз керек. Өкмөт менен иштеп алты сунуш бердик, анын ичинде “депутаттар кыргыз тилин С1 деңгээлинде эмес, түшүнө тургандай деңгээлде билиши керек” дегенди сунуштадык. Өкмөт, Мамлекеттик тил боюнча комиссия муну кабыл алды, буга рахмат”.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдери көлөмүнө ылайык элементардык (А1), базалык (А2), ортоңку (В1), ортодон жогору (В2) жана жогорку (С1) деңгээлдери деп аныкталат. Мыйзам тиешелүү болуп жаткан кызматкерлерден алгачкы жылдары мунун төмөнкү деңгээлдери талап кылынып турса, 2028-жылга таяп жогорураак деңгээлдер талап кылына баштайт. Кайсы мекемелерге кандай деңгээлдер коюларын Министрлер кабинети өз тескемеси менен көрсөтүп берет.

Депутат Дастан Бекешев да мыйзам киргизип жаткан айрым чочулоолору жөнүндө комитеттин отурумунда буларга токтолду:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Биздин айрым сунуштар кабыл алынды, кээлери өтпөй калды. Мисалы, мектептерде 5-класстан баштап, кыргыз тили боюнча тест тапшырып, ошодон өтүшү керек. Биз бул тест аркылуу бала тилди канчалык деңгээлде билерин аныктоо үчүн колдонолу да, аны класстан класска көчүрүүнүн инструменти катары карабай эле коёлу деп сунуштап жатабыз. Балдар көчпөй калбасын. Бир топ ата-энелер кайрылып, мындай талапка каршы чыгып жатышат. Дагы бир маселе бизге чет жактан келип, туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн мамлекеттик тилди билсин деген норма. Бизге окуганы, же иштегени келгендердин көбү мындан өтө албайт. Демек, көбү мыйзамсыз жашап калышат, же кайра кетип калышат. Бул экономикабызга да зыянын тийгизет. Ошондуктан мындай норманы мыйзамдан алып салуу керек. Эртең өкмөт өзү такалып, эртең кайра эле “өзгөртөбүз” деп бизге келет. Жөн эле убарагерчилик болот”.

Канчалык аткарылат?

Жаңы сунушталган мыйзам долбоору бир жагынан эки жыл мурда кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамдын негизинде киргизилчү өзгөртүүлөр экен. Башкача айтканда, ал мыйзамда мындагы көп нормалар каралган. Ал иштеп баштоосу үчүн 7 конституциялык мыйзамга, 11 мыйзамга жана бир кодекске тиешелүү өзгөртүлүп, шайкеш келтирүү кажет болгон.

24-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде демилгечи топтун башчысы, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил мыйзам боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев талкуулоонун натыйжасында алымча-кошумчалар болгонун маалымдады:

Мелис Мураталиев
Мелис Мураталиев

“Эгерде бүгүн баштабасак, анда качан баштайбыз? “Азырынча даяр эмес, кийин өтөлү” деп жүрүп, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды кабыл алганыбызга 35 жыл болду. Биз так ушул мыйзамда каралган мамлекеттик тилдин макамын мыйзамдарда, укуктук базада ордун бекемдеп, бышыктай турган сунуштарды киргизип жатабыз. Мында жарандардын укугун чектөө болот, же болбосо кайсы бир органдардын ишмердүүлүгүнө терс таасир тийгизет деген негиз жок”.

Кыргызстан эгемендик алардын алдында – 1989-жылы кыргыз тилин негизги тил кылган “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. 1991-жылы өлкө көз карандысыздык жарыялагандан он жылча убакыттан кийин 2000-жылы орус тилин расмий тил катары бекитүү мыйзамына кол коюлган. 2023-жылы болсо “Мамлекеттик тил жөнүндө” жаңы конституциялык мыйзам чыккан.

Бул аралыкта мамлекеттик башкарууда жана күнүмдүк турмушта мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу боюнча бир катар мыйзамдар, буйруктар, тескемелер чыкканы менен андагы талаптар толук аткарыла бербейт.

Мындан улам соңку жылдары коомчулукта кыргыз тили көп сүйлөнбөй, мамлекеттик кызматта жана ар кайсы тармактарда ырааттуу колдонулбай калып жатканы сынга кабылып келет.

“Биздин мурас” коомунун жетекчиси Чоробек Сааданбек “Азаттыкка” берген комментарийинде мындай ойлору менен бөлүштү:

Чоробек Сааданбек
Чоробек Сааданбек

“Мамлекеттик органдардын бардык катмарларында иштеген кызматкерлерге кыргыз тилин билүү талабын коюлуп жатканы абдан туура нерсе. Мамлекеттик кызматтарда тейлөө, соттук кароолор, башка жумуштар кыргыз тилинде жүргүзүлүшү гарт. Анткени, элдин баары орусча билбейт. Албетте, мында дароо башка улуттардын же кыргыз тилин билбегендердин укугу деген маселе чыгат. Буга чейин биз кыргыз тилинин методологиясы жакшы эмес, же дароо үйрөнө албайт деп келдик. Бирок менимче каалаган киши кыргыз тилин дароо эле үйрөнүп алат экен. Биз муну Кыргызстанга келип заматта эле кыргызча сүйлөп калган жапондор, же башка улуттардан да көрүп жатпайбызбы. Ушунча жыл жетишинче эле күттүк го деп ойлойм. Мындан ары таарынышабы же жокпу Кыргызстан мамлекет катары өз талабын бекем коюп, кыргыз тилин өнүктүрүшү керек. Башка маселе, мыйзам кабыл алынса ал канчалык иштейт? Мисалы, “телеканалдарда жана радиолордо берүүлөр 50%дан кыргызча болсун” деген мыйзам буга чейин эле киргизилген. Бирок аткарылдыбы? Жок. Мүмкүнчүлүк жок, тиги-бу деп дале аткарылбай келатат. Анан эми аны 60% чейин көтөрүп койгондо, аткарылып кетеби? Билбейм. Мындан башка да көп мыйзамдар өлүү бойдон эмес. Ошондуктан бул ирет мыйзамдын кабыл алынганына эмес, иштеп кеткенине сүйүнөр элем”.

2023-жылы 17-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Бирок бир жыл мурда “Эсимде" талкуу аянтчасы жарыялаган кыргыз тилинин көйгөйлөрү боюнча изилдөөсүндө мыйзамдын талаптарын аткаминерлер, медиалар жана башкалар аткарбай жатканы айтылган.

Жаңы мыйзам президент кол коёбу-жокпу, койсо качан коюшу мүмкүн белгисиз. Мамлекет башчы буга чейин парламенттин азыркы чакырылышы кабыл алган айрым мыйзамдарды кайтарып берип койгон.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG