Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:05

Телефонду жылбай караган баланын тиши морт болобу?


Акыркы жылдары балдардын тиши эрте кетип жатканы айтылып келет. Буга эмне себеп болууда? Тамак-аш сапаты начарлап, экологиянын бузулушубу? Эмне үчүн кош бойлуу аял тишине кам көрүшү керек?

“Сергек жашоо” подкастында ушул суроолорго балдар стоматологу Альбина Закирова жооп бермекчи.

- Альбина айым, азыр адистер балдардын тиши эрте кетип жатканын айтышат. Буга эмне себеп болууда? Балалыгы 90-жылдары, шекер тартыш кезде өтүп, тиши бүтүн чоңойгон муундун өкүлдөрү үчүн бул көрүнүш таңкалычтуу көрүнөт экен.

Альбина Закирова.
Альбина Закирова.

- Баланын тишинин бекем же морт болгону энеге көз каранды. Аял ден соолугуна кош бойлуу болгондо эмес, эне болууга даярданып жаткан учурда кам көрүшү керек.

Догдурга көрүнүп, дарыланып, витаминдер жетишсиз болсо толуктап дегендей. Анткени баланын тиштери эненин курсагында жатканда калыптанат. Азыр айрым апалар "баламдын сүт тиштери бир-эки жылга жетпей күбүлүп калды" дешет. Бирок анын себеби өзүндө экенин билбейт. Айрыкча кош бойлуулуктун биринчи үч айы өтө маанилүү.

Ошол кезде эне ден соолугуна көз салышы керек. Колдон келсе, тогуз ай бою дарыгердин көрсөтмөсү менен витаминдерди ичкени оң. Эмнеге? Анткени биздин организм мурдагыдай тамак-аштан витамин албай калды.

- Демек, аял өзүн карап эне болууга даярданышы керек турбайбы?

- Ооба. Эне болууга даярданган аял сөзсүз тишин дарылатканы оң. Анткени кариести инфекция пайда кылат. Энеде андай инфекция болсо, ал канга аралашып, баланын тонуна өтөт. Ымыркайдын салмагы аз же ара төрөлүп калганы жөн жерден эмес. Баары бири-бирине байланыштуу. Эне болом деген аял мамлекеттик бейтапканага барып, акысыз текшерүүдөн өтсө болот. Анткени Камсыздандыруу фонду кош бойлуу аялдар үчүн акча бөлөт. Эненин тиши таза болсо, баланын тиши да бекем болот.

Экинчиден, психологиялык статус деген бар. Кош бойлуу аялда гормоналдык өзгөрүүлөр болот. Стресстен кортизол гормону көбөйөт, ал иммунитетти түшүрөт. Эненики түшсө, баланыкы да түшөт. Ошон үчүн боюнда бар аялдын психикалык саламаттыгы өтө маанилүү.

- Бизде бирок ага маани беришпейт го. Керек болсо кош бойлуу аялды болушунча стресс кылып, кол көтөргөн күйөөлөр бар дегендей...

- Мен жаш ата-энелерге айткым келет, балалуу болуу чоң жоопкерчилик, аны терең ойлонуп, пландаш керек. Ден соолукту, гигиенаны сактап, эмоцияларды башкара билүү абзел. Эне-баланын ден соолугу чың болсо, улуттун саламаттыгы да чың болот. Акча баланын оору-сыркоосуна эмес, билим берүүгө жумшалат дегендей. Ал эми билим болсо, ден соолукка караган кишилер да көбөйөт. Коомдо баары бири-бирине байланыштуу эмеспи.

- Өткөндө бир тиш догдур өспүрүмдөрдүн тиши эрте кетип жатканын айтты. Буга экология же тамак-аш сапатынын бузулушу түрткү болгон жокпу? Газдалган суусундук, таттуунун түрү көп эмеспи азыр.

- Бири-бирине байланышкан көп факторлор себеп болууда. Чөнтөк телефондор дагы тиштин бузулушуна таасир этип жатат. Азыр аны керели-кечке тиктеп, күн көрбөгөн балдар көбөйдү. Жашоо - бул кыймыл-аракет да. Кыймыл болгон сайын кан жүгүртүү жакшырат. Кан жүгүргөндө организм чың болот. Балдарга канча жакшы тамак бербе, сыртта ойнобосо тиши кете берет. Анткени күн нурунан Д витаминин албайт, ал жетишпесе кальций денеге сиңбейт. Биздин тишти, сөөктү бекем кылган ушул минерал да. Экинчи себеп, таттуу, газдалган суусундуктардын көбөйүшү. Алардын курамында фосфаттар көп, ал болсо кальцийди жууп, чыгарып салат.

- Кариес деп калдыңыз, ал эмнеден пайда болот?

- Биздин ооз көңдөйүбүз - щелочтуу чөйрө. Анда жакшы жана жаман бактериялар жашайт. Биз жеген таттуулар Streptococcus mutans баштаган бактериялардын азыгы. Алар эриген таттууну жегенден кийин сүт кислотасын бөлүп чыгарат. Ал болсо тиштин эмалынын жука жерин, айрыкча уюкчаларды оюп, минералдар чыга баштайт. Ошон үчүн таттуу жегенден кийин тишти чайкаш керек. Айрыкча балдарды тамак жегенден кийин тишин жуудуруп, анан уктатканга үйрөткөн оң. Балдардын туруктуу тиши алты жашында чыга баштайт. Ошол кезде ата-эне курт түшүрбөгөнгө аракет кылып карашы керек.

- Өткөндө балдардын тишин герметизациялоо иш-чарасын өткөрдүңөр. Анын пайдасы кандай?

- Тиштин уюкчаларынын эмалы жука келгендиктен кариес ошол жерден башталат. Ошонун алдын алуу үчүн уюкчаларды атайын суюк материалдар менен толтуруп коебуз. Ал жакка тамактын калдыктары дагы, бактериялар дагы кирбей калат. Негизи бир тиш карайганда эле дарылатуу керек. Анткени ал жерде бактериялар көбөйүп, сүт кислотасын көп бөлүп чыгарат да башка соо тиштерди буза баштайт.

- Тишке курт түшкөндө башка органдарга да таасир этет дешет го. Мисалы, бөйрөккө же жүрөккө?

- Жогоруда айткан зыяндуу бактериялар канга аралашып кетет дебедимби. Айрымдары ангинаны козгоп, ал өз кезегинде жүрөккө таасир этет. Кардиохирургдардын "кийин менин бейтабым болгуң келбесе, тишиңерди карагыла" деп айтканы бекеринен эмес.

- Бизде баарын энеден көрүшөт эмеспи. Бирок атанын ролу кандай? Атанын тиши начар болсо, балага өтүшү мүмкүнбү?

- Азыр изилдөөлөр жүрүп жатат. Негизи шилекейдеги кальций, фосфор тишти коргоп турат. Ген боюнча атадан балага шилекейдин курамы, жаактын түзүлүшү, тиштин формасы өтүшү мүмкүн. Бирок балада кариестин пайда болушуна генден мурда эненин саламаттыгы, тамак-аш сапаты, гигиена себеп. Гигиенаны жакшы сактоо керек. Балдарга тишти жууганды уруп-сокпой, оюн формасында үйрөтсө болот. Анан тишти флоссы менен тазалаганды үйрөнө элекпиз. Бул атайын тиш үчүн чыгарылган жип, дарыканаларда сатылат. Анын жакшы жери эки тиштин ортосундагы тамактын калдыктарын алып чыгат. Ошону колдонууга кеңеш берет элем.

- Негизи балдарга кандай щетка алып бериш керек, дүкөндө түрү көп да.

- Жумшак, жыш болсо жакшы. Негизи балага тишти бир жашында эле үйрөтсө болот? Кантип? Эң жөнөкөй, өзүнө ылайык тиш щетка алып бериңиз. Аны самындап жууп, карматып коесуз. Бала аны сөзсүз оозуна салат, чайнайт. Ошондо шилекей көп бөлүнүп чыгып, пастасы жок эле жуула берет. Беш жаштагы балдар үчүн атайын пасталар да бар. Чоң кишилердин пастасынын курамында фтор бар, балдарга болбойт.

- Илгери апалар, чоң апалар балага тамакты чайнап бергенин көрүп көрүп калчу элек. Көрсө ал туура эмес турбайбы?

- Азыр деле андай адамдар бар экен. Айрыкча, кайын-журт менен чогуу жашаган келиндер даттанып калат. Жаңы төрөлгөн балаынын оозунда зыяндуу бактериялар жок болот. Бирок алар жугушу мүмкүн. Айрыкча, чоң кишилер чайнап тамак бергенде, упчусун оозуна салганда, же жакшы көрүп өбө берсе шилекей аркылуу жугат. Айрым чоң энелерге андай кылба десе, "биз силерди ушинтип эле бакканбыз" деп таарынат экен. Бирок ал кезде шарт башка болчу, аба, тамак-аш сапаты жакшы болчу дегендей.

- Сөөк кемирген жаныбарлардын тиштери өтө бекем болот экен. Тиш догдурлар жаак тарамыштары бекем болуш үчүн катуу нерсени жеш керек, мисалы шыйрак мүлжүш керек деп айтышат го.

- Эгер коронка, винир, пломба болсо андай кылганга болбойт. Анткени алар эрте түшүп калышы мүмкүн. Эгер тиш өзүңүздүкү болсо анда катуу нерсени жеген жакшы жардам берет. Мисалы, балага катуу алма, сабиз бериш керек. Канча көп чайнаган сайын жаак кыймылдайт, шилекей көп бөлүнүп чыгат. Ал эми сөөк кемиргенде бүйлөдө, жаак булчуңунда кан жүгүрөт. Кан жүгүргөндө зат алмашуу жакшырат, витаминдер клеткага жетет.

- Баланын тишинин саргайып кетиши эмнеден улам болот? Аны тазалатуу керекпи?

- Анын ар кандай себеби бар. Негизинен гигиенаны сактабагандан улам болот. Бирок атайын эндемикалык зонада жашаса ал дагы роль ойнойт. Мисалы, Ысык-Көл облусунда фтор көп. Ал жактын тургундарынын тиши саргайып кетет. Негизи алты айда бир догдурга көрүнүп, тишти тазалатып туруш керек.

- Тиштеги таштын пайда болушу деле сиз айтып өткөн себептерге байланыштуубу?

- Ооба. Жана айтып өткөндөй эле көп фактор таасир этет. Ата-эне бала оозун ачып уктайбы же жаап уктайбы карашы керек. Ачып уктаса, лорго алып барганы оң. Балким мурунда полип болушу мүмкүн. Негизи оозун жаап укташы керек. Ошондо шилекей тишти жууп, кальций, фторду жеткирип турат. Шилекей жок, ооз кургап турса кариес пайда болот. Кант диабетине чалдыккандар ушул көйгөйгө көп кабылат. Анткени алар суусайт, катуу чаңкаганда оозу кургап, ксеротомия болот. Мунун аягы кайра эле кариеске алып келет.

- Таттуулар деп жатасыз, бизде аларга сапаты төмөн пальма майы кошуларын айтып жүрүшөт. Ал болсо кайра эле кариеске алып келет экен.

- Ал көп нерсеге кошулат. Негизи эле май тууралуу айтсам. суу майдын өзү зыян. Азыр көбү мурдагыдай сары майга өтүп жатышат. Мен зайтун майын сунуштайт элем, анткени ал жүрөк-кан тамыр системасына пайдалуу.

- Кыргызстанда былтыр үч жаштагы кыз тиш догдурга барганда чарчап калды. Дегеним, балдар стоматологу болуу татаалбы, ал кандай болушу керек?

- Бул абдан татаал кесип. Стресске туруктуу киши гана балдардын тишин дарылайт. Экинчиден, балдарды жакшы көрүш керек. Бала сага ишениши керек. Аны алдап-соолап креслого отургузуу эле жарым саатты алат. Креслого отургандан кийин чоң адамга жарым саат кетсе, балага эки-үч саат кетет. Анан калса азыр аллергия менен төрөлгөн балдар көбөйүүдө. Дарыны чоңдорго да сайгандан да чочулайсың. Ошол себептүү балдардын тишине укол сайбай, убакытты, нервди көп алган ыкмалар менен дарылаганга туура келет. Мен ойлойм, бир дагы дарыгер бирөөгө жамандык кылайын деп бул кесипти тандап албайт, андай ойлобойт дагы.

Маектин аудиосун YouTube баракчадан уга аласыз:

Шерине

XS
SM
MD
LG