"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
2022-жылкы кышкы Олимп оюндары Казакстандын Алматы шаарында өтүп калышы ыктымал.
ФИФАнын арбитры Бахадыр Кочкаров өзбекстандык Равшан Ирматовдун тобунда Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатында беш оюнга калыс болду. Кочкаров кечээ Бразилиядан кайтып келип, "Азаттыкка" маек курду.
Бир ай бою дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Бразилиядагы футбол чемпионаты жыйынтыкталды. Финалда Германия менен Аргентина беттешип, германиялыктар 4-ирет дүйнө чемпиону аталды.
12-июнда Бразилияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. 32 өлкө 8 топко бөлүнүп мөөрөй талашат.
Бишкектеги Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде шахмат боюнча өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына барчулар аныкталды. (28-май, 2014-жыл)
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда улуттук алыш күрөшү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Мында өлкөнүн бардык аймактарынан тандалган үч жүз элүүдөй балбан күч сынашты. Алыш күрөшү боюнча өлкө чемпиондору эркин жана классикалык ыкмаларда аныкталды. (13-май, 2014)
Борбордук стадиондо Америка футболу боюнча алтынчы - BishkekBowl-2014 эл аралык турнири өттү. Мында Кыргызстандын “Барсы” командасы менен Орусиянын Ижевск шаарынын “Сталевары” командасы мөөрөй талашты. Төрт таймдан турган таймашуу курч мүнөздө өтүп, орусиялыктар 20:0 эсебинде үстөмдүк кылып турду. Акыркы таймада кыргызстандыктар демилгени колго алып, эсепти 12ге кыскартууга үлгүрдү.
25-апрелде Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатынын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер таймашында Айсулуу Тынбекова финалга чыкты. 24-апрелде кыргызстандык балбан жигиттер күмүш жана коло байге утту.
19-апрелде Бишкектеги борбордук стадиондо жеңил атлетика боюнча Москва олимпиадасынын коло байге ээси, даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровду эскерген бешинчи эл аралык турнир өттү. Ага Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан өлкөлөрүнөн тандалган жүздөн ашуун жөө күлүк катышты.
Жакында эле Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Мурат Саралинов өз арызы менен кызматтан кеткен. Учурда кыргыз спорт тармагына ким жетекчи болору табышмак. Бул орунду мелжегендер, тизгин талашкандар арбын.
8-апрелде “Кыргыз Туусу”, “Алиби”, “Фабула”, “Обон”, Тамчы кабар” жана башка гезиттер жарык көрдү.
4-апрелде чыккан кыргыз гезиттери жаңы түзүлгөн өкмөттү сындап чыгышты..
3-апрелде чыккан гезиттер жаңы өкмөт түзгөн коалицияны сындады.
31-мартта Кант шаарында эр-азаматтар арасында волейболдон Жогорку лиганын таймаштары башталды. Таиланддан кыргызстандык Данияр Кашкараев тай бокс боюнча дүйнө чемпиону болуп келди.
Кикбоксчу Руслан Абасовдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бейшембинин кечинде ал айдап бараткан машине жарылып, күйүп кеткен эле.
25-мартта ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Бишкекте курулган жаңы футбол талаасынын ачылышына катышты. Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, кыргыз футболунун келечегин талкуулады.
23-мартта Бишкекте «Өрүкзар-2014» кубогу үчүн кичи-футбол мелдеши жыйынтыкталды.
16-мартта Сочи шаарында паралимпиада оюндары соңуна чыкты. Мында 45 өлкөдөн орусиялыктар командалык эсепте биринчи орунду колдон чыгарган жок. Германия экинчи, Канада үчүнчү орундарды ээледи.
14-мартта Бишкекте быйылкы жылдын Универсиада оюндары уланып жатат. Мында өлкөдөгү 36 жогорку окуу жайдын командалары мөрөй талашууда.
13-мартта Сочи шаарында паралимпиада оюндарынын башталганына 7 күн болду. Андан бери мелдештер кызуу уланып жатат. 45 өлкөнүн алты жүздөй майып спортчусу мөрөй талашууда.
Дагы жүктөңүз