Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:28
Одессадагы дрон тийген үй
Одессадагы дрон тийген үй

Түз ободо Одесса: Орусиянын дрону көп кабаттуу үйгө тийди, каза тапкандар бар

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:22 28.6.2025

Украинанын Одесса шаарында Орусиянын дрону көп кабаттуу үйгө тийип, эки киши каза тапты.

Одессанын мэри Генадий Труханов куткаруучулар дрон тийген үйдөн түгөйлөрдүн сөөгүн тапканын билдирди.

Облустук аскердик администрация билдиргендей, алты киши жараат алды, арасында эки бала бар.

Дрон 21 кабаттуу турак жайга тийип, 7,8 ,9-кабаттарында өрт чыккан.

09:34 28.6.2025

2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери орус армиясынын кеминде 115 857 жоокери каза тапканын Би-би-си, "Медиазонанын" журналисттери жана ыктыярчылар тобу ачык маалыматтарга таянып аныкташты.

Набыт болгондордун басымдуусу - өз ыктыяры менен согушка кеткендер. Орус бийлиги былтыр күздөн тарта келишим түзгөндөрдүн эсебинен Украинада согушкан аскерлеринин катарын толуктоого өткөн.

Журналисттердин эсебинде жашы 18деги кеминде 240 орусиялык улан келишим менен барып, согушта өлгөн. Алардын эң кенжеси Смоленскиден барган Даниил Чистяков окко учканда 18ден жаңы эле өткөн. Ал майданга барганына бир нече гана күн болгон.

18деги Виталий Иванов согушка Иркутск облусунан келишим менен барган. Анын энеси Анна уулу эки апталык машыгуудан кийин аскердик чалгынчы деген адистик алып, 2025-жылы 5-февралда согуштук тапшырма алганын айтып берди.

"Бул анын алгачкы жана акыркы майдандагы тапшырмасы болду", – деп эскерет маркумдун энеси. 4-мартта аялга аскердик комиссариаттан чалып, Виталий 11-февралда набыт болгонун угузушкан. Ал майданда бир гана апта жүргөн.

2023-жылы Орусияда жашы жете электерди келишим менен армияга алууга жол ачкан мыйзам күчүнө кирген. Ага чейин армияга келишим менен жогорку же орто кесиптик билими барлар гана чакырылчу.

18:01 27.6.2025

Украинанын Днепропетров облусунда Орусиянын соккусунан беш киши каза тапты.

Облустук аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак билдиргендей, Самар шаарына ракеталык сокку болгон. 20дан ашык киши жараат алды. Анын төртөөнүн абалы оор.

12:43 27.6.2025

Орусия менен Украина кезектеги жолу туткун алмашты.

Азырынча канча киши алмашылганы тууралуу эки тарап тең маалымат бере элек.

Алмашуу 26-июнда ишке ашкан.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG