Жаңылыктар | 29.06.2025 | Тил мыйзамы: Аткаминерлер мамлекеттик тилди билиши керек
Жогорку Кеңеш каникулга кетердин алдында “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” талаш жараткан мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Ага президент кол койсо Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, депутаттар, соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр ченемдик актыларда аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билиши керек болот. Мыйзамда кыргыз тилине байланыштуу мындан башка да нормалар кирди. Документти биринчи окууда кароо кызуу талаш-тартыштарды жараткан.
Шерине