Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:35

Ирандагы Эвин абагына урулган соккудан 71 киши каза болгону кабарланды


Тегерандагы Эвин абагына сокку урулгандан кийинки тазалоо иштери. 25-июнь, 2025.
Тегерандагы Эвин абагына сокку урулгандан кийинки тазалоо иштери. 25-июнь, 2025.

Израилдин 23-июнда Тегерандагы Эвин абагына урган соккусунан 71 киши каза болгон. Бул тууралуу Mizan басылмасы Ирандын сот системасынын өкүлү Асгар Жахангирге таянып жазды.

Анын айтымында, каза болгондор арасында камактагылар жана аларды көргөнү келген үй-бүлө мүчөлөрү, администрация кызматкерлери, аскерге чакырылгандар жана абактын жанындагы үйлөрдүн тургундары бар. Жахангир кошумчалагандай, мындан тышкары дагы бир нече киши жабыркаган.

23-июнда Израилдин аба күчтөрү Ирандын борбору Тегеранга сокку урган. Израилдик басылмалар авиация Эвин түрмөсүнүн дарбазасына “символикалык сокку” урганын жазышкан. Бул жай саясий туткундар, журналисттер, активисттер жана чет өлкөлүктөр кармалган, эң бекем корголгон түрмө катары белгилүү.

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац “режимдин объектилери жана өкмөттүк органдар” бутага алынганын билдирген.

Reuters жазгандай, Эвин абагында бир катар чет өлкөлүктөр, алардын арасында Франциянын эки жараны да бар. Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэл Барро Израилдин соккусунан кийин Х социалдык тармактагы баракчасына сокку абактагы француз жарандарынын өмүрүнө коркунуч жаратканын жазып, “Бул кабыл алынгыс”, - деп кошумчалаган.

13-июнда Иран менен Израилдин ортосундагы жаңжал кескин курчуган. Алгач Израил Ирандагы өзөктүк жана аскердик объекттерге сокку уруп, анын натыйжасында бир катар ирандык аскер жетекчилери каза болду. Израил бул операциянын максаты Иранды өзөктүк курал даярдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу экенин билдирди. Анын чабуулуна жооп кылып Иран Израилге ракеталык соккуларды урду.

Шерине

XS
SM
MD
LG